Камсыздандыруу толомдор боюнча
Камсыздандыруу толомдор боюнча
Статус: Пользователь
Регистрация: 14.10.08
Тем: 2
Ответов: 74
06.03.19 17:15 Сообщение № 0
Саламатсыздарбы? Менин суроом томондогучо: Мен оз ыктыяры менен толонуучу патенттин негизинде 500 кв.м жогору аянтты иштетемин. Ушул аянтты соода менен алектенген (алар да оз алдынча патент менен иштешет) жеке ишкерлерге ижарага  беремин. Ошондо мен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тарифтери жонундогу мыйзамынын (Бишкек ш.24-январ 2004- жыл №8)  8- беренесинин, 1. пунктунун негизинде орточо айлык акынын 10% коломундо  камсыздандыруу толомун толошум керекпи? Же мен ижарага берген аймакта 12 жеке ишкер иштесе( алардын оздорунун патенттери бар жана оздору социалдык камсыздандыруу толомдорун толошот.) ошол 10% ды  12 эсеге кобойтуп толойсун деп атышат. Ошол туурабы?
Статус: Пользователь
Регистрация: 20.11.07
Тем: 0
Ответов: 132
12.03.19 15:47 Сообщение № 1

Сиз патенттин негизинде иштеп жатсаңыз анда сиз салык органдарында жеке иш жүргүзгөн ишкер катары катталгансыз.


КР 2004-жылдын 24-январындагы № 8 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесине ылайык кыймылдуу мүлктөрдү жана кыймылсыз мүлктөрдү (айыл чарба жерлеринен тышкары) ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлер жана жеке жактар камсыздандыруу төгүмдөрүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнүн 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө ай сайын төлөйт. Ал эми 12 жеке ишкер өздөрүнүн жүргүзгөн иштери үчүн камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөшөт.