Айлык маянага кошумча пайыз төлөө шарттары
Эмгек акыга иш берүүчү кошумча пайыз төлөө шарттары
Статус: Пользователь
Регистрация: 18.02.21
Тем: 1
Ответов: 0
18.02.21 23:12 Сообщение № 0

Саламатсыңарбы форумдагылар, менин суроом мындайча, иш берүүчү эмгек акы төлөөнүн, өргүү акыны төлөөнүн мөөнөттөрүн бузганда, кошумча пайыз төлөйбү? 



Сообщение отредактировал пользователь Neznayka - 19.02.21 16:15
Статус: Пользователь
Регистрация: 25.12.15
Тем: 0
Ответов: 13
19.02.21 10:28 Сообщение № 1
КР Эмгек кодексине ылайык иш берүүчү эмгек акы төлөөнүн, өргүү акысын жана башкаларды төлөөнүн мөөнөттөрүн бузганда, иш жүзүндө эсептешкен күнгө карата ар бир күн үчүн мөөнөтү кечиктирилип төлөнбөгөн сумманын 0,15 пайызын кошумча төлөөгө милдеттүү.
Ошондой эле, жумуштан бошоткондо учурда иш берүүчү тарабынан эсеп боюнча каражат төлөп берүүнүн мөөнөтү бузулса, иш берүүчү иш жүзүндөгү эсептешүү жүргүзүлгөн күнгө карата төлөнбөгөн акчалай сумманын 0,5 пайызын ар бир мөөнөтү өткөн күнгө кошумча иретинде төлөп берүүгө милдеттүү.
Жогорудагы аталган пайыздардын жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 пайызынан ашуусу мүмкүн эмес. Пайыздардын эң жогорку суммасынын ушул чектөөсү иш берүүчү тарабынан эмгек укук мамилелерине байланышкан эмгек акы, өргүү жана башка төлөмдөрдү төлөп берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен учурдан тарта мезгилге карата жана кызматкер тарабынан иш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөп берүү тууралуу жазуу жүзүндө талап койгонго чейин гана колдонулат. Кызматкер иш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөп берүү тууралуу талап койгондон кийин пайыздардын эң жогорку суммасынын чектөөсү колдонулбайт жана пайыздар иш жүзүндө эсептешүү күнүнө чейин кошуп эсептелет.