жолдун боюндагы уй-жылкылар
жолдун боюндагы уй-жылкыларга ким жооп тартат ?
Статус: Пользователь
Регистрация: 22.02.21
Тем: 9
Ответов: 0
19.04.21 22:59 Сообщение № 0

Азыр жаз мезгили келди, айыл жергесинде жолдун бойлорунда уй-жылкылар коп журот. Машина менен кетип баратып бир жылкы сузуп ала жаздадым. Эми ошол жылкылар учун ким жооп тартмак, мисалы, мен сузуп алсам машине менен? рахмат!!!

Статус: Пользователь
Регистрация: 18.02.21
Тем: 1
Ответов: 5
23.04.21 15:27 Сообщение № 1

Кандайдыр бир себептер менен жолго жайылып кеткен малды сүзүп алган болсоңуз, анда малды сиз төлөйсүз, бирок кечинде малды үйдө же сарайда кармоо шартталат,  эгерде мал айдоочу (чабан) малды туура эмес тарапта айдап баражатса сиз келип сүзсөңуз анда сиз төлөбөйсүз.

Анткени мал айдоочу КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы N 421 токтому менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелерине ылайык жол кыймылынын катышуучусу болуп эсептелинет, жогоруда аталган  Жол кыймылынын эрежелеринин 24.5 пунктуна ылайык, малды жол аркылуу, эреже катары, күндүзү айдоо керек. Жергиликтүү маанидеги жолдорду кошпогондо, аларды автомобиль жолдорунун боюна жана газондорго жаюуга тыюу салынат. Мал айдагандар малды мүмкүн болушунча жолдун оң жагына жакын айдоого тийиш.