Никеси жок уй-булоого жолокпул берилеби?
Никеси жок уй-булоо кандай жолокпул алса болот?
Статус: Пользователь
Регистрация: 22.02.21
Тем: 18
Ответов: 0
10.05.22 15:34 Сообщение № 0

Саламатсыздарбы!

Нике мыйзамдаштырылбаган уй-булоолорго жолокпул берилеби, уй-булоого, балдарына? 

Сообщение отредактировал пользователь Ниязбек К - 10.05.22 15:49
Статус: Пользователь
Регистрация: 12.05.22
Тем: 0
Ответов: 4
12.05.22 08:43 Сообщение № 1

Саламатсызбы!

 Сиз кандай жөлөкпулга арыз таштайын деп жатасыз?

 Кыргызстанда жөлөкпулдардын бир нечеси бар.

 Мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү:

- "балага сүйүнчү" - ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөө;

- "үй-бүлөгө көмөк" - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул;

- "социалдык жөлөкпул" - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул;

- ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул.

 Эгерде "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулуна арыз жазсаңыз – анда никелешүү күбөлүгү кереги жок. Болгону арызды толтуруп жатканда, нике катталбагандыгын жазасыз.

Сообщение отредактировал пользователь Максат_maks - 12.05.22 09:09