Статус:
Пользователь
![]() ![]() ![]() ![]() ![]()
Регистрация: 02.11.16
Тем: 6
Ответов: 3
|
04.04.24 09:35
Сообщение № 0
Көчөдө же Торговый центрлардан алдында тамеки чегүүгө тыюу салынабы? |
![]()
Статус:
Пользователь
![]() ![]() ![]() ![]() ![]()
Регистрация: 04.04.24
Тем: 0
Ответов: 3
|
04.04.24 10:39
Сообщение № 1
Адамдардын таза абага болгон укугун коргоо максатынды КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы N 121 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык төмөнкү жерлерде тамеки, электрондук сигаретеларды чегүүгө тыюу салынат: - ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан, подъезддерде, лифттерде, тепкич аянтчаларда жаиа аянттарда, дааратканаларда, анын ичинде көп квартиралуу турак үйлөрдүн жалпы колдонуучу жайларында, коммуналдык квартиралардын көмөкчү жана кошумча жайларында; - жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча мекемелердин, органдардын, социалдык кызматтардын имараттарында жана жайларында, стадиондордун аймактарында; - ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан темир жол бекеттеринин, автобекеттердин имараттарында жана жайларында; - калк үчүн кызматтар көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда, жайларда, анын ичинде турак жайларда, мейманканаларда, тиричилик тейлөө жана (же) коомдук тамактануу убактылуу жашап турууну камсыздоо, коомдук тамактануу боюнча жайларда жана убактылуу тургузулган соода объектилеринде; - мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген имараттарда жана жайларда; - тамеки чегүү үчүн атайын бөлүнгөн жайларды кошпогондо, коомдук жайларда; - имараттарда, курулмаларда жана жайларда уюштурулган жумуш орундарында жана жумушчу зоналарда; - өрт чыгуу коркунучу бар жерлерде, анын ичинде автомай куюучу станцияларда; - жайларда жайгашкан коомдук тамактануу жайларында (түйүндөрүндө); - коомдук транспортто, анын ичинде таксиде, суу жана аба транспортунун кемелеринде, жергиликтүү жана алыс каттамдагы поезддерде; - ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын, балдардын эс алуу уюмдарынын аймагында жана мекемелеринде, балдар үчүн аянтчаларында; - ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын имараттарында; - калыбына келтирүү жана санаторий-курорттук кызматтарды көрсөтүүгө арналган имараттарда жана жайларда; - калкка соода кызматтары көрсөтүлүүчү имараттарда, курулмаларда, жайларда, жабык базарлардын аймактарында; - коомдук транспорттун аялдамаларында; - тамеки чегүү үчүн атайын жайларды кошпогондо, маданий-массалык, спорттук иш-чараларды, чогулуштарды, акцияларды өткөрүү мезгилинде ачык аянтчаларда, пляждардын аймагынын чектеринде. Жогоруда айтылгандарга таянып, көчөлөрдө, соода аянттарынын алдында тамеки чегүүгө тыюу салынат. Тамеки чегүү атайын бөлүнүп берилген (тамеки чегүүгө болот деген атайын белгилер болгон жерлерде) жерлерде гана уруксат берилет.
Сообщение отредактировал пользователь Макс_maks
- 04.04.24 10:52
|
Тему просматривают: |